«Сары-Өзөн Дыйкан» базары мамлекеттик менчикке өттү

17 августа 2021, 11:55

"Сары-Өзөн Дыйкан" жашылча базары Жогорку Соттун чечими менен мамлекеттин менчигине өттү, деп билдирди Маммүлктүн башчысы Мирлан Бакиров.

"Аны менен бирге үч гектар жерди жана башка базар активдерин алдык. Бардык керектүү процедураларды аткаргандан кийин, бул базардагы жерди ижарага берүүдөн түшкөн төлөм республикалык бюджетке төлөнөт", - деди Бакиров.

Ал фонд 2010-жылы улутташтырылган мүлккө, мамлекеттик компанияларга жана мамлекеттик үлүшү бар компанияларга жооптуу экенин баса белгиледи. Жыл башында мындай активдер 104 болсо, бүгүн 94тү түзөт.

"Мамлекеттик активдердин кыскарышы фонддун мамлекеттик компанияларды оптималдаштыруу жана аларды консолидациялоо иштери менен байланыштуу. Мисалы, азыр Айыл чарба министрлигинде 24 ишкана бар, биз аларды бириктирүүнү жана жарым-жартылай жоюуну көздөп жатабыз", - деп кошумчалады Бакиров.