ОПЕК+ 1-августтан тарта мунай өндүрүүнү көбөйттү

2 августа 2021, 09:40

ОПЕК+ өлкөлөрү суроо-талаптын өсүшүнөн улам мунай өндүрүүнү тездик менен көбөйтө башташты. Алсак, 1-августтан тарта өндүрүш суткасына 400 миң баррелге көбөйдү, деп жазды Интерфакс.

Бул тенденция учурда күнүнө 5,8 миллион баррелди түзгөн чектөөлөрдүн мөөнөтү аяктаганга чейин уланат.

Ошол эле учурда ОПЕК+ министрлери рыноктун абалын жана кабыл алынган сценарийдин шайкештигин баалоо үчүн ай сайын жолугушууну улантышат.

Маалым болгондой, министрлердин кийинки жолугушуусу ушул жылдын сентябрь айында болот.