Бишкекте 1-февралдан тарта таштанды чыгарууга тарифтер көтөрүлөт
Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары таштанды чыгаруу үчүн тарифти көтөрүүнү жактырышты.
Ошентип, чечимге ылайык, тариф төмөнкүдөй болот:
- тиричилик керектөөчүлөр үчүн — бир адамга 41 сом;
- чарбалык субъектер үчүн — куб метри 361 сом;
- пенсинерлерге жеңилдиктери менен — бир адамга 22,5 сом.
Жаңы тариф 2023-жылдын 1-февралынан тарта күчүнө кирет.