Тазабак Икрамов: Суюлтулган газга акциз салыгы киргизилет

1 июня 2023, 11:49

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабак Икрамов 1-июндан тарта суюлтулган газга акциздик салык киргизиле турганын парламент жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, литри 3 сом болот.

Анын айтымында, буга баары акча үнөмдөөгө аракет кылып, суюлтулган газга өткөнү себеп болгон. Бул баалардын өсүшүнө алып келди.

"Ошондой эле, мындан улам такси кызматтары, газ менен өндүрүлгөн айрым товарлар, коммуналдык кызматтар кымбатташы мүмкүн", - деди депутат.