Күздөн тарта директорлор жана завучтардын айлыгы 50%га көтөрүлөт

21 августа 2023, 17:06

Ушул жылы 1-сентябрдан тарта мектептердин директорлорунун жана директордун орун басарларынын айлыктары 50%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Маянаны жогорулатуу үчүн жылына 549 ​​миллион сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 183 миллион сом талап кылынаары белгиленген.

Алсак, 100-600 адам окуган айылдык мектептин директору 19,1 миң сомдун ордуна 28,7 миң сом алат. Мындай мектептин орун басары 17,4 миң сомдун ордуна 26,1 миң сом алат. Бул 13 жылдан ашык тажрыйбасы бар болгондорго тиешелүү. Ал эми 1,8 миңден ашык адам билим алган айылдык мектептин директору 23,7 миң сомдун ордуна 35,6 миң сом, ал эми завучу 21,3 миң сомдун ордуна 32 миң сом алат. Бул үчүн алар 15 жылдан ашык иштеши шарт.