1-январдан тарта «Торугарт» жана «Эркечтам» убактылуу жабылат

31 декабря 2020, 09:23

Жаңы Жылдык майрамдарга байланыштуу кытай тараптын демилгесине ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тарта «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пунктары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты. 

 

 

 

Транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү үчүн «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту 4-январда, ал эми «Эркечтам-автожол» 2-январда ишин жандандат. 

Эске сала кетсек, эки өткөрүү пункту тең өзгөчө алгоритм менен иш алып барышат.