Кыргызстанга 1991-жылдан бери 75 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген

8 ноября 2021, 11:18

Эгемендүүлүктөн бери Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын жалпы саны 75 миңден ашуун адамды түзөт. Бул тууралуу Кудайберген Базарбаев Ош шаарындагы 117 ишеним телефонунун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн өткөн семинарда билдирди.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин айтымында, учурда Кыргызстанда 1500дөн ашуун кайрылман (этникалык кыргыздар, кайрылман статусуна ээ), ошондой эле 185 качкын жана 603 башпаанек издегендер бар.