20-сентябрдан тарта Алматы — Бишкек — Алматы авиарейстери жандандырылат

15 сентября 2020, 14:25

20-сентябрдан тарта Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы авиакаттамдар жанданырылат. Бул тууралуу транспорт министрлиги алдындагы жарандык авиация агенттиги маалымдады. 

Рейстер «Эйр Астана» авиакомпаниясы аркылуу жумасына эки ирет, тактап айтканда шейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлүп турмакчы. 

Эске сала кетсек, рейстер эки өлкөнүн авиабийликтери тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде жандандырылды.