Эки жылда «кустуризациядан» бюджетке 7,9 млрд сом түштү

1 декабря 2022, 11:13

Эки жылда, тагыраагы 2020-2021-жылдар жана 2022-жылдын 10 айында коррупция боюнча айыпталгандардын мамлекетке келтирген зыянынын ордун толтуруунун көлөмү 7 миллиард 866 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Талант Келдибековдун айтымында, 2020-жылы укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын эсебинен Каржы министрлигинин эсебине 2 миллиард 719 миллион сом, 2021-жылы 1 миллиард 915 миллион сом которулган. Ал эми 2022-жылдын 10 айында 3 млрд 231 миллион сом түшкөн.