2020 – жылдан тарта автоунааларга бажы алымдарынын баасы 10 эсеге көбөйөт
2019 – жылдын аягында алынып келинген унааларга болгон бажы алымдарынын жеңилдиктери токтотулат. 2020 – жылдын 1 – январынан тарта КР бажы тармагына ЕЭК тарабынан каралган тарифтик баалар ишке киргизилет. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирет.
ЕЭК киргизген тарифке ылайык, автоууналарды бажы тармагында жол-жоболоштуруунун баасы (растаможка) 10 эсеге көбөйөт. Мындай төлөм 5 жылдан өйдө автоунааларга жүргүзүлөт. Мисалы, Тойота Камри үлгүсүндөгү 2009-жылы чыккан автоунаага жургүзүлгөн азыркы төлөмдүн баасы 1200$ түзсө, жаңы жылдан кийин 13600$ жетет.