2023-жылдан баштап накталай эмес төлөмдөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкалары жогорулайт

13 ноября 2021, 12:32

Жаңы Салык кодексинин долбоорунда накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда сатуудан алынуучу салыктын ставкасын 0% өлчөмүндө, бирок 2023-жылдын 1-январына чейин гана белгилөө сунушталууда.

Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоого арналган парламенттик угууда Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков тарифтерди көтөрбөөнү сунуштады.

“Биз накталай жана накталай эмес операциялар боюнча бирдей тарифтерге кайтып келүү 2018-2040-жылдарга өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарына карама-каршы келет жана көмүскө экономиканын өсүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейбиз”, - деди бизнес өкүлү.