Келерки жылдын май айынан тарта алтын рудасын экспорттоого тыюу салынат

26 октября 2022, 16:44

Кийинки жылдын майынан тарта Кыргызстандан алтын рудасын жана алтын концентратын экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтын рудасын жана алтын концентратын өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленген.

Муну менен бирге, “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтын рудасын жана алтын концентратын кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилет.