23-апрелден 25-апрелге чейин Баткен облусунда электр жарыгы өчүрүлөт

22 апреля 2024, 13:07

23-25-апрель күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлөт. Буга CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы “Датка-Сугд” линиясында оңдоо иштери себеп болот. Бул тууралуу "Улуттук электр тармактары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Чаувай, Майдан, Кара-Жыгач, Кароол, Алыш, Олагыш жана Ташкоргон айылдарында үч күн саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясын өчүрүү пландалууда. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурады. 

CASA-1000 Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор.