Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иши убактылуу өзгөрдү

7 августа 2023, 16:29

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иши убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Торугарт" жана "Эркечтам" пункттары 6-августтан тарта жумасына жети күн бою эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Жети күн бою тең жүк ташыган машиналар өткөрүлөт.

Ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (дем алыштан башка күндөрү) туристтерге, жеңил машиналарга жана жөө адамдарга өтүүгө уруксат берилет. Ишемби жана жекшемби күндөру жүк ташыган гана унаалара өтө алат.

Мындай режим 30-сентябрга чейин уланат.