Калкты тейлөө борборлору 9-августтан тарта кадимки иш тартибине өтүшөт

5 августа 2021, 10:20

Ушул жылдын 9-августунан тарта республиканын калкты тейлөө борборлору кадимки иш тартибине өтүшөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

4-июлдан тарта өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда пилоттук режимде саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштөө графиги киргизилген. Бул өзгөртүүлөр 2021-жылдын 31-августуна чейин жай мезгилинде жарандар үчүн иштөөнүн ыңгайлуулугун текшерүү максатында киргизилген.

Бирок, өзгөртүүлөр иштин пайдасын жана эффективдүүлүгүн көрсөтпөгөндүктөн, калкты тейлөө борборунун кадимки режимине кайтуу чечими кабыл алынды.