Кыргызстан 2021-жылы кайсы Европа өлкөлөрү менен сооданын көлөмүн көбөйттү

30 декабря 2021, 09:14

Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 559,5 млн долларды түздү. Анын ичинен экспорт – 318,8 млн доллар, импорт – 240,5 млн доллар болду. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Ушул эле мезгилге салыштырмалуу Кыргызстандын Германия, Испания, Италия, Литва, Голландия, Франция, Швейцария жана Швеция менен болгон соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өскөн. Ошондой эле, соода жүгүртүүнүн эң чоң өсүшү Швейцария (2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 305,2%га) жана Латвия (69,1%) менен катталган. Жүгүртүүнүн өсүшү аталган өлкөлөрдөн Кыргызстанга импорттун көбөйүшүнө менен байланыштуу болгон. 

Ошол эле учурда көп жылдар бою кыргыз алтынынын негизги импорттоочусу болгон Улуу Британия менен соода жүгүртүү 2020-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 72%га кыскарган. Бул түздөн-түз аталган өлкөгө алтын берүүнүн азайышы менен байланыштуу.