Февралдын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 2,4%га арзандады
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы арзандады. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарынын негизинде чыгарууга болот.
Алсак, февраль айынын башынан бери АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1,9%га арзандап, 1-февралдагы 61,64 сомдон 10-февралда 60,47 сомго чейин болду.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 2,4%га (1,32 сомго) төмөндөгөн.
АИ-80 3%га арзандаса, дизель, тескерисинче, бир аз кымбаттады - 0,02%. Дизель майынын орточо баасы 74,5 сомду түзүүдө.