Алайдын тургундарына жыл башынан бери 138 млн сомдон ашык жөлөк пул төлөндү

27 июля 2022, 12:22

Жыл башынан бери Алай районунун тургундарына мамлекеттик бюджеттен ар кандай жөлөк пулдар түрүндө 138 миллион сомдон ашык төлөндү. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев райондун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр райондун жашоочулары менен болгон жолугушууда “Социалдык контракт” долбоору боюнча айтып берди, ага аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катыша алат.

Учурда долбоор пилоттук болуп, Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал райондорунда гана иштеп жатат. Бирок келерки жылы министрдин айтымында, долбоор бүтүндөй республика боюнча ишке ашырылат. Киреше алып келүүчү проектти ишке ашыруу үчүн бардык аз камсыз үй-бүлөлөр кайтарымсыз 100 миң сомдон ала алышат.