Жыл башынан бери бизнес биржага бир млрд сомдон ашык каражат тартты

1 ноября 2021, 14:47

Ушул жылдын январь айынан октябрга чейин Кыргыз фондулук биржасынын тутумунда жалпы суммасы 1 миллиард 519 миллион 338,4 миң сомго 1 миң 641 бүтүм ишке ашырылды.

Соодалардын жүрүшүндө 100,1 миллиондон ашык баалуу кагаздар сатылды.

Ошол эле учурда, 67,94% биринчилик рыноктогу соода болуп саналат. Башкача айтканда, ата мекендик бизнес биржадагы капиталына 1 миллиард 32 миллион 286,9 миң сом тарткан.

Калган сумма, тактап айтканда 487 миллион 51,5 миң сом баалуу кагаз ээлеринин акцияларды жана облигацияларды сатуусу.

Белгилей кетсек, сооданын жалпы түзүмүндө листингден тышкары баалуу кагаздар секторундагы бүтүмдөр басымдуулук кылып, алар сооданын жалпы көлөмүнүн 52,58%ын (798 млн 882 миң сом) түзгөн.