Жыл башынан бери бюджетке 14 млрд сом түшпөй калган

22 июля 2020, 16:40

Жыл башынан бери бюджетке салыктык жана бажылык төлөмдөрдөн жалпы суммасы 14 млрд сомду түзгөн каражат түшпөй калган. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бул Кытай менен болгон чек аранын жабылышына, жүк ташуу агымдарынын кыскаруусуна жана карантиндик чаралардын киргизилишине байланыштуу.

«Чоң үмүттөр артылып жаткан чаралардын бири, - бул салыктык жараяндардын санариптешүүсү, же башкача айтканда, фискалдаштыруу. Бул каражаттарды көмүскөдөн чыгарып, таза эсеп жүргүзүүгө жол берет»,-деди ал.

Ошондой эле 2020-жылга кошумча резервдерди реализациялоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.

«Ошондой эле биз дүйнөдө алтынга болгон баанын көтөрүлүшү бюджетке кошумча каражат тартууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Жаздын аягы-жайдын башында салыктык базаны кеңейтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлору демилгеленген. Бул алтын кенине жана концентраттарга болгон жаңы салык салуу, майнингге карата жаңы төлөмдөр»,-деп белгиледи ал.