Он айда Улуттук банктын алтын унцийинин сатуу баасы 3,9%га өстү

8 ноября 2022, 12:35

Жыл башынан бери өлчөнгөн куйманын унцийинин сатуу баасы 3,9%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Бүгүн Улуттук банктан 31,1 грамм салмактагы алтындын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот. Жыл башында 10-январда 160 миң 61 сом болгон. Ошентип, баа 6215 сомго кымбаттады.

Ошол эле учурда ченелген куйманын унцийинин эң арзаны январь айында, ал эми эң кымбаты март айында болгон.

Кошумчалай кетсек, 4-ноябрга карата Улуттук банк 31,1 грамм салмактагы куймаларды элден 142 миң 58,50 сомдон сатып алууда.