Кыргызстанга акча которуулар жыл башынан бери 31,1% га өстү
Жыл башынан тарта физикалык тараптардан которулган акчалар биринчи жарым жылдыкта 2020-жылга салыштырмалуу 31,1% өскөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бирок мекеме ички талап жай динамикалык жандандырууну көрсөтөт жана пандемияга чейинки деңгээлге жете элек экенин билдирди. Ички талаптын көтөрүлүшү басымдуу түрдө акча которуунун өскөндүгүнө байланыштуу (+22.4% 2021-жылдын I кварталы ) болгон.
Эске салсак, Кыргызстандагы акча которуулардын көлөмү отчеттук мезгилде 1.2 млрд $га жетти.