Жыл башынан бери «Куликовский» 146,1 млн сом салык төлөдү

27 июля 2023, 09:45

Жыл башынан бери "Куликовский" кондитердик үйү" ЖЧКсы 146 миллион 139 миң 606,46 сом салык төлөдү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин "Ачык бюджет" сайтында жеткиликтүү.

Анын ичинде КНС, сатуудан алынуучу салык, киреше салыгы, жер салыгы, мүлк салыгы, транспорт каражаттары бар.