Жыл башынан бери кыргызстандыктар чет өлкөлөргө 390,48 млн доллар жөнөтүшкөн

11 ноября 2021, 15:12

 

Сентябрь айында кыргызстандыктар чет өлкөлөргө 55,4 миллион доллар жөнөтүшкөн, анын 96,2%ы Орусияга жөнөтүлгөн.

Бир ай мурункуга салыштырмалуу жарандардын чет өлкөгө акча которуулары 1,2 эсеге өстү.

Жалпысынан жыл башынан бери кыргызстандыктар башка өлкөлөргө 390,48 миллион доллар жөнөтсө, анын 376,17 миллион доллары Орусияга жөнөтүлгөн.