Жыл башынан бери бюджетке кен тармагынан 9,5 млн сом түштү

31 октября 2022, 15:18

Бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко ылайык, быйыл тогуз айда мамлекеттик казынага тоо-кен тармагынан салык түрүндө 9 миллион 547,9 миң сом түшкөн.  

Анын ичинен кен казган ишканалар сентябрь айында 637,8 миң сом төлөшкөн.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын январь жана февраль айларында бюджетке кенчилердин ишмердүүлүгүнөн эң көп салык түшкөн. Бул айларда жалпы тоо-кен салыгы тогуз айда алынган сумманын 41%ын түзөт.