Жыл башынан бери баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 9,5 млрд сом тартылды

12 ноября 2021, 09:04

Ушул жылдын башынан бери мамлекеттик баалуу кагаздарды - векселдерди жана облигацияларды чыгаруудан республикалык бюджетке иш жүзүндө 9 миллиард 521,8 миллион сом түшкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Анын ичинен мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруунун эсебинен 726,8 млн. Алардын баары 12 айлык баалуу кагаздар линиясы аркылуу көтөрүлгөн.

Каражаттын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтканда 8 миллиард 795 миллион сому облигацияларды чыгаруу аркылуу казынага түшкөн.