Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулга 33 млрд 246.9 млн сом бөлүнгөн
Быйыл жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпул төлөөгө 33 миллиард 246,9 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Каражат аймактар боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:
- Бишкек - 5 млрд 432,1 млн сом;
- Чүй облусу - 5 миллиард 110 миллион;
- Нарын облусу - 2 млрд 651,9 млн;
- Ысык -Көл облусу - 3 млрд;
- Талас облусу - 1 миллиард 374,6 миллион;
- Ош шаары - 1 миллиард 195,2 миллион сом;
- Ош облусу - 6 млрд;
- Баткен облусу - 2 миллиард 662,4 миллион сом;
- Жалал -Абад облусу - 5 миллиард 702 миллион сом.
Пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо 2021-жылдын августунда 4,1 млрд сомду түздү.