Мамлекеттик векселдер боюнча милдеттенмелер 20%га кыскарды

29 августа 2022, 09:17

Жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик казына векселдериндеги ички карызы 20,4%га кыскарды. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук банкынан белгилүү болду.

Алсак, эгер ушул жылдын башында, 10-январда, 12 айлык векселдер боюнча милдеттенмелер 973 миллион 177 миң сомго бааланган болсо, 29-августка карата 774 миллион 406 миң сом болгон. Башкача айтканда, вексель боюнча карыз 198,8 млн сомго (-20,4%) азайган.

Кошумчалай кетсек, Каржы министрлиги август айында 120 миллион сомдук вексель боюнча милдеттенмелерин кайтарып берсе, анын 60 миллионун 8-августта, ушул эле сумманы 22-августта төлөгөн.