Жыл башынан бери мөөнөтүнөн кечиктирилген насыянын көлөмү 433 млн сомго көбөйдү

13 сентября 2021, 10:20

Банктарда мөөнөтү өткөн кредиттер 2021-жылдын июль айынын аягында 4,6 млрд сом болду. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылды.

Ушул жылдын башынан бери мөөнөтүнөн кечиктирилген насыянын көлөмү 433 миллион сомго көбөйдү.

Өткөн жылдын июль айында мөөнөтү өткөн карыздын көлөмү 4,2 млрд сом, ошол эле жылдын январында 2,6 млрд сомду түзгөн.