Орусиялык миллиардерлер жыл башынан бери 39,4 млрд долларга байышты

2 августа 2021, 17:00

2021-жылдын январь-июль айларында орусиялык миллиардерлердин байлыгы жалпысынан 39,4 миллиард долларга көбөйгөнүн РИА Новости Bloomberg Billionaires Index (BBI) рейтингине таянуу менен жазды.

Эң көп байлыкты "Северстальдын" ээси Алексей Мордашов алган (6,14 миллиард доллардан 29,2 миллиард долларга чейин). Кийинки орунда "Новатэктин" кожоюну Леонид Михельсон менен НЛМКтин негизги бенефициары Владимир Лисин (+5,8 миллиард жана 5,5 миллиард доллар) турат.

"Норникелдин" негизги ээлеринин бири Владимир Потанин байлыгын 3,36 миллиард доллар менен 33,4 миллиард долларга көбөйттү. ЛУКОЙЛдун тең кожоюну Вагит Алекперов жыл башынан бери 4,01 миллиард долларга көбөйүп, 21,3 миллиард долларга жетти.

Роман Абрамович 280 миллион долларга байып, 18,7 миллиард долларга жеткен.