Жыл башынан бери айыл чарба жана соода тармагына 7,6 млрд сом насыя берилген

30 июня 2021, 17:00

Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 171.3 млрд сомго жетти. Көбүрөөк бөлүгү соода тармагына (46.3 млрд сом) жана айыл чарбасына (34 млрд) туура келет. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Эки чөйрөдөгү ишкерлер жыл башынан бери насыяларын 7,6 миллиард сомго көбөйтүшкөн.

Калган тармактарда өсүш темпи байкалбайт. Ал эми өнөр жай секторунун насыя портфели 14 миллиарддан 13,5 миллиард сомго - 493 миллион сом кыскарды.