Жыл башынан бери улуттук валютадагы депозиттер боюнча орточо чендер өстү
Кыргызстанда улуттук валютадагы депозиттер боюнча орточо салмактанып алынган чендердин жогорулашы байкалды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, бардык салымдар боюнча өсүш байкалган. Муну менен 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөттөгү депозиттердин кирешелүүлүгү баарынан да 0,85 пайыздык пунктка, эң азы 3-6 айлык депозиттер боюнча 0,23 пайыздык пунктка жогорулаган.
Ошол эле учурда 2020-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 0 айдан 1 айга чейин жана 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөттөгү депозиттер боюнча чен тиешелүүлүгүнө жараша 0,1 жана 0,27 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
Депозиттер боюнча эң жогорку пайыздык чендер коммерциялык банктар тарабынан 1 жыл жана андан ашык мөөнөттөгү депозиттер үчүн 11,74%дан 12,61%га чейин сунушталаарын кошумчалайбыз.