Жыл башынан бери Улуттук банктын алтынынын унцийи 82 долларга кымбаттады

31 января 2023, 11:45

Жыл башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи 764,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Алсак, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 граммдык өлчөнгөн куймаларды 171 миң 444,5 сомго сатып алууда. Январдын башында, 9-январда кайра сатып алуу баасы 164 миң 380 сомду түзгөн. Ошентип, бул аралыкта унций 82 долларга кымбаттады.

Кошумчаласак, 31-январга карата алынган маалымат боюнча Улуттук банктын алтын куймасын 174 миң 16 сомго сатып алуу болот.