Жыл башынан бери өлкөдө 177,1 миң тонна мунай өндүрүлдү

24 сентября 2021, 14:15

Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстан 177,1 миң тонна мунай өндүргөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш 3,7%га өстү. Былтыр 170,1 миң тонна чийки мунай өндүрүлгөн.

2021-жылдын августунда 23,7 миң тонна чийки мунай өндүрүлгөн.