Жыл башынан бери 45,7 миң кишиге пенсия дайындалган

14 сентября 2021, 11:41

Соцфонд 2021-жылдын январь-август айларында 45 миң 791 жаранга пенсия дайындаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде 2021-жылдын августунда 4,7 миң жаранга пенсия дайындалган.

Пенсия 928 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтерге ылайык кайра эсептелди.