Жыл башынан бери Кыргызстанда 683,6 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди

18 октября 2021, 09:30

Жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүндө 64,6 миллион чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди. Анын ичинен 683,6 миң чарчы метри Кыргызстанда, деп билдирди ЕЭК.

Көлөмү аз болгонуна карабай, Кыргызстан жыл ичинде эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, 40,5%га өстү. Эң аз көлөм 143,8 миң чарчы метр менен Арменияда болду.

Пайдаланууга берилген турак жайлардын көбү Орусияда - 52,3 миллион чарчы метр. Казакстанда 8,9 миллион чарчы метр турак жай, Белоруста 2,5 миллион чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.