Жыл башынан бери Кыргызстанда жылкы жана койдун эти арзандады

16 января 2023, 13:20

Жыл башынан бери Кыргызстанда жылкынын жана козунун эти арзандады. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Алсак, 2023-жылдын 2-январынан 13-январына чейин республика боюнча жылкы этинин орточо баасы 7,03 сомго, козу 1,45 сомго арзандаган.

Ошол эле учурда уй этинин баасы 1,42 сомго кымбаттады. Баа айрыкча Жумгал районунун Чаек айылында жогорулаган. Ал эми өсүш 13,25 сомду түздү.