Июль айынын башынан бери коммерциялык банктардын чет элдик валютага талабы төмөндөөдө

14 июля 2021, 09:54

Улуттук банктын маалыматына ылайык, июль айынын башынан бери коммерциялык банктар - банктар аралык валюта тооруктарында 31,2 млн доллар сатып алышкан, сатып алуунун орточо баасы 1 долларга 84,78 сомду түзгөн.

Июнь айынын ушул мезгилине салыштырмалуу сатып алынган валютанын көлөмү 57,04% га төмөндөгөн (72 миллион 630 миң доллардан).

Ошол эле учурда, АКШ валютасын сатып алуунун орточо курсу июнь айында 1 доллар үчүн 84,5887 сомду түзгөн. Муну менен, июль айында аукциондордо валютанын орточо наркы 0,23% га жогорулаган.