Айдын башынан бери биткоин 7,8%га арзандады

24 мая 2023, 09:10

Бүгүн, 24-майда биринчи криптовалюта 27 миң 200 долларга сатылууда. Мындай маалыматтар Coinmarketcap порталында берилген.

Ушул жылдын 1-майында биткоиндин баасы 29 миң 319 долларды түздү. Муну менен криптовалюта бааны 7,8% жоготту.