Ноябрдын башынан бери рубль сомго карата 6,73% арзандады

28 ноября 2021, 13:17

Улуттук банк рублдин сомго карата расмий курсун жарыялады. Ошентип, 26-ноябрдан 27-ноябрга чейин рубль 1,33% төмөндөп, 1,1215 сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Ошол эле учурда, ушул жылдын ноябрь айынын башынан бери орус валютасы жалпысынан сомго карата 1,2025 сомдон 6,73%га арзандады.

26-ноябрдан 27-ноябрга чейин рублдин АКШ долларына карата курсу да 1,32% төмөндөгөнүн кошумчалайбыз. Борбордук банктын маалыматы боюнча расмий курс 27-ноябрга карата 1 доллар 75,58 рублди түздү.