Жыл башынан бери "Кепилдик фонду" ишкерлерге 1 млн 200 миң сомго каражат берди

19 мая 2021, 14:10

18-майга карата ишкерлерге 376 миллион сом суммасында 310 кепилдик берилген. Насыянын жалпы суммасы 1 миллион 250 миң сомду түздү (кепилдиктердин үлүшү 30%). Бул тууралуу "Кепилдик фонду" билдирди.

Жалпысынан фонд иштей баштагандан бери ишкерлерге 2 миллион 667 миң сом суммасында 1 миң 993 кепилдик берди. Берилген насыялардын көлөмү 9 миллион 159 миң сомду түздү (кепилдиктердин үлүшү 29%).