Жыл башынан бери Кыргызстандан акчанын агып чыгышы 122,9 млн долларды түздү

11 мая 2021, 11:40

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстандан акча каражаттарынын агып чыгышы 122,9 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктагылар билдирди. 

Ошол эле учурда, ушул мезгилдеги эң көп акчаны кыргыз эли КМШ өлкөлөрүнө, тактап айтканда Орусияга - 118,4 миллион долларга жөнөткөн.

Ал эми үч айдын ичинде кыргызстандыктар чет өлкөлөргө жалпысынан 2,3 млн долар жөнөткөн.