Дем алышта Улуттук банктын алтын унцийи 29,75 долларга кымбаттады

22 марта 2023, 09:20

Майрамдык дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтын куймаларынын унцийи 2 миң 601 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Алсак, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 176 миң 371 сомдон сатып алууда. Өткөн жуманын аягында, 17-мартта кайра сатып алуу баасы 173 миң 770 сомду түзгөн. Ошентип, майрамдык дем алыш күндөрү бир унций 29,75 долларга кымбаттады.

22-мартка карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 179 миң 16,5 сомдон сатып алууга болорун кошумчалайбыз.