Кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды накталай эмес сатуудан салык алына баштады

16 января 2023, 12:29

Быйылкы жылдын 1-январынан баштап накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга накталай түрдө төлөнгөндөр менен бирдей сатуудан салык алына баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, төмөнкү сатуу салыгынын ставкалары колдонулат:

  • КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 1% өлчөмүндө - соода иши жана өндүрүш сектору үчүн, 2% өлчөмүндө - башка иш үчүн;
  • КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 2% өлчөмүндө - соода иши жана өндүрүш сектору үчүн, 3% өлчөмүндө - башка иш үчүн.

Сатуу салыгынын ставкалары ошондой эле банктар жана курулушчулар үчүн турак жана турак эмес жайларды сатуу үчүн 2%, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк үчүн 5% өлчөмүндө каралган.

Белгилеп кетсек, учурда Жогорку Кеңеште учурдагы Салык кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда.