Сентябрдан тарта ӨКМ кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлөт — Шамырканов

19 августа 2022, 11:01

Ушул жылдын сентябрынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысы 50% жана андан да жогору көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы дээрлик 200% жогорулатылып, келерки жылдын январь айынан тарта аскер кызматкерлеринин айлыгы кайрадан көтөрүлөт.