Соцфонд жарым жылда 36 миң жаранга пенсия дайындады
Ушул жылдын январь айынан июнь айына чейин Социалдык фонд 35 миң 930 жаранга пенсия дайындады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, июнь айында 4 миң 898 адам пенсияга чыккан.
"Мындан тышкары, Социалдык фонд 746 пенсионердин пенсиясын эмгек стажы, эмгек акысы, билими жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтердин негизинде кайра эсептеп чыкты", - деп жазды Соцфонддун басма сөз кызматы.