Саат 10:00гө карата Ош облусунун жарандары эң көп добуш берди

4 октября 2020, 12:15

Саат 10:00гө карата Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого эң көп Ош облусунун жарандары келди.

Маалыматтык шайлоо системасынын маалыматына ылайык, Ош облусунда шайлоого келгендер 8,25 пайызды түзсө, Ош шаарында 7,17 пайызды түзөт.

Мындан тышкары, Баткен облусунда шайлоого келгендер 6,06 пайызды, Нарын облусунда - 6,15 пайызды, Ысык-Көл облусунда - 5,55 пайызды, Чүй облусунда - 6,44 пайызды, Талас облусунда - 6,75 пайызды, Жалал-Абад облусу - 7,4 пайызды, Бишкек шаарында - 6,71 пайызды түзөт.

Белгилей кетсек, саат 10:00гө карата өлкө боюнча шайлоочулардын саны 6,72 пайызды түздү.