Садык Шер-Нияз Францияга элчи болду

24 июня 2021, 16:43

Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана иаданият уюмунун (ЮНЕСКО) алдындагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Садык Шер-Нияз 2015-жылдын октябрь айынан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. 2020-жылы күзүндө ал депутаттык мандатын тапшырган.