Садыр Жапаров бир нече кодекстерге кол койду

16 ноября 2021, 09:50

Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. 

Мамлекет башчынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент ушул жылдын 28-октябрында кол койгон.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар Конституция жана иштеп жаткан мыйзамдар менен ички карама-каршылыктардан улам президент тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.