Президент «China State Railway Group» компаниясынын өкүлү менен жолукту
Президент Садыр Жапаров “China State Railway Group Co., Ltd” компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунжунду кабыл алды.
Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелер, анын ичинде соода-экономикалык өз ара байланыштар жогорку деңгээлде экенин белгиледи.
Садыр Жапаров кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак - бир жол" демилгесин толук колдой турганын кошумчалады. Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыгына оң таасирин тийгизе турган ири транспорттук долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да талкууланды.